Аскер кызматкерлери бара жаткан унаанын жол кырсыгына кабылышы боюнча кызматтык иликтөө дайындалды

Бишкек-Ош унаа жолундагы Көк-Бел ашуусунда аскер кызматкерлери бара жаткан унаа жол кырсыгына кабылып, 7 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-август күнү саат 19:30 чамасында Көк-Бел ашуусунан түшүп келе жатканда болгон. Анда унаанын тормозу кармабай, жолдон чыгып токтогон. Унаанын ичинде 16 аскер кызматкери болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 7 адам жабыркап, учурда 4 аскер кызматкери ооруканада. Алардын абалы бүгүнкү күнгө карата жакшы.

Ал эми жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан