Баткен облусунда ишкердик субъектилерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоого багытталган жаңы мыйзам боюнча жыйын өткөрүлдү.
Облустук администрациядан 12-августта билдиришкендей, ага облус башчысы Абиш Халмурзаев, облустук прокурордун орун басары Гүлмира Кашкарова, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-июлундагы “Ишкердик субъектилерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата укук коргоо жана салык органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби боюнча убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндөгү”
№417-токтомун талкуулап, пикир алмашуу болду.
Халмурзаев кабыл алынган жаңы мыйзам ишкердикти өнүктүрүүдө, аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүдө бир системге алынганын айтып, мыйзамды элге кеңири жеткирүү, семинар, окууларды өткөрүү зарыл экенин, тиешелүү органдар убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин баса белгилеп кетти.
Мындан сырткары талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик текшерүү мекемелеринин жана ишкерлердин укугу жана жоопкерчилиги жөнүндө мыйзамына ишкердик субъекттердин укуктарын коргоону күчөтүүгө, текшерүү учурунда боло турган коррупциялык механизмдерди жоюуга багытталган өзгөртүүлөр киргизилгендиги белгилүү болду. Ага ылайык, текшерүү убактысы 2 эсеге кыскартылган жана мыйзамга жаңы түшүнүк тобокел өлчөмү жана текшерүү баракчалары киргизилген.