"Адилет" клиникасы: "Конституцияны өзгөртүү Кыргыз Республикасын дүйнөгө демократиянын деңгээли төмөн өлкө катары көрсөтүшү мүмкүн"

"Адилет" укуктук клиникасынын юристтери Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү талдап, учурдагы мыйзамга дал келбөөнү жана тобокелдиктерди таап чыкканын клиникадан 12-августта билдиришти.

Алардын айтымдарында, Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорундагы айрым демилгелер жарандардын жашоосун жакшы жакка өзгөртпөйт. "Тескерисинче, бул демилгелер Кыргыз Республикасын дүйнөгө демократиянын деңгээли төмөн өлкө катары көрсөтөт. Сунушталып жаткан долбоор чоң чыр-чатак чыгаруучу күчтү камтыйт жана демилгечилер айтып жаткан маселелерди чечпейт, тескерисинче, мындан да көп көйгөйлөрдү жаратат. Бул документтеги бир топ жоболор мамлекет үчүн терс жыйынтыктарга алып келиши ыктымал", - дешти юристтер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан