Түркиянын премьер-министри: "Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуунун көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жеткиребиз"

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин жогорулатса болот деп эсептейт. Ал мындай пикирин бүгүн, 10-апрелде кыргыз-түрк бизнес-форумунда айтты. “Бизде экономика тармагындагы эки жактуу маселелерди чечүүгө мүмкүндүк бар. 2011-2012-жылдары биз бизнесте көрүнүктүү натыйжаларга жетиштик. Миллиондогон инвестициялар ишке ашты. Алдыда Кыргызстанда ГЭС курулушун инвестициялоону пландаштырып жатабыз”, - деди Түркиянын премьери. Ошондой эле ал Кыргызстанга көп жыл бою жумшалган инвестициялар өзүн актаганын айтып, мындан аркы кызматташууга даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан