Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 12-августта Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы саясий алаканы жогорулатуу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, ошондой эле коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү эки тараптын тең кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгы белгиленди.
Андан сырткары Кичи Памир жана Чоң Памирдеги этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жашоо шартын жакшыртуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.