Бүгүн, 10-апрелде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында эки мамлекеттин кызматташуусу тууралуу бир катар документтерге кол коюлду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосунда аба каттамдарын түзүү боюнча 1994-жылы 14-октябрда Анкарада кол коюлган макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол коюлду. Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга, КРнын Экономика министрлиги менен Түркиянын премьер-министрине караштуу инвестицияларды колдоо жана тартуу агенттигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү меморандумуна, Кыргызстан жана Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосунда токой чарба тармагында кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.