Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-августта Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекет башчысы күз-кыш мезгилинде калкты электр кубаттуулугу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги бардык даярдоо жана оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү зарыл экенин баса белгиледи.

Айбек Калиев өлкөдөгү гидроэлектростанцияларды куруу боюнча инвесторлорду издөө жана чет жердик компаниялар менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу иштери тууралуу өлкө президентине маалымат берди.

Мамлекет башчысы Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана ишке берүү боюнча Орусия Федерациясы менен макулдашуулардын аракети токтогонуна байланыштуу аталган объектилерди куруу үчүн өкмөт инвесторлорду активдүү издөө зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары мамлекет башчысы Улуттук энергетика холдинг компаниясынын башчысына бул маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасында жаңы гидроэлектростанцияларды куруп жана ишке тапшырууда зарыл жеңилдиктерди берүү боюнча тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды даярдоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан