Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы парламентаризмге кайрылуу менен төрага парламенттик демократия өлкөдө туташ кайра курумдарга жол ача тургандыгын баса белгиледи. “Түркиянын парламенттик демократия жаатында чоң тажрыйбасы бар. Жаңыдан парламенттик демократия жолуна түшкөн Кыргызстан үчүн ал тажрыйба өтө баалуу болуп саналат” деп айтуу менен Асылбек Жээнбеков Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын кошумчалады. Өз кезегинде Р.Т.Эрдоган Кыргызстанда демократиялык жана экономикалык кайра курумдар таасын байкалып жаткандыгын белгиледи. “түркия делегациясынын курамында бизнес коомчулуктун жүздөн ашуун өкүлү кошо келди. Бул иш сапар менен биз тышкы инвесторлорго дем берип, экономикалык кызматташтыктын жанданышына түрткү берүүнү каалайбыз”,- деди ал.