Жогорку Кеңештин депутат айымдары 10-апрелде Тажикстан Парламентинин депутат айымдарынын тобун кабыл алышты. Эки өлкө ортосундагы мындай жолугушуу экинчи жолу болуп өттү. Эскерте кетсек, 2012-жылы депутат Роза Акназарова баштаган ЖКнын айым депутаттары Тажикстандын борбор калаасы Дүйшөмбү шаарында тажик парламентинин иши менен таанышып келишкен. Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгын арттыруу менен айым депутаттар арасында тажрыйба алмашууну өткөрүү болуп саналат. Тараптар 10-апрелдеги жолугушууда Кыргызстан менен Тажикстандын саясатындагы жана жогорку мамлекеттик бийликтеги аялдардын орду тууралуу пикир алышты.