Ош облусундагы Барак анклавынын жашоочуларына 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев баштаган ыкчам топ жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү гуманитардык жардам жеткиришти. Бул иш-чара премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин тапшырмасы менен ишке ашты. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жардам катары үй-бүлөлүк гигиеналык каражаттар, 1600 килограмм кургатылган жемиш, 17672 литр күйүүчү май жеткирилди. Ал эми Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан 1 тонна пахта үрөнү, 2 тонна жүгөрү үрөнү, 10 тонна жер семирткич берилди. Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 10 тонна ун бөлүндү.