2017-жылкы республикалык бюджеттин 51 пайызы социалдык тармакка жумшалат. Каржы министрлигинин билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Мухтарбек Баймурзаевдин айтымында, келерки жылы саламаттыкты сактоого 16,6 миллиард сом, эс алуу, маданият жана дин тармагына 4 миллиард сом, билим берүүгө 33,5 миллиард сом, социалдык коргоого 27 миллиард 280 миллион сом каралууда. Жалпы социалдык тармакка 2017-жылы 81,38 миллиард сом бөлүнгөнү жатат.
Белгилей кетсек, 2015-жылы социалдык тармакка республикалык бюджеттен 64 миллиард сом, 2016-жылга 73 миллиард сом каралган. Быйылкы жылдын 6 айында тармакка 33,7 миллиард сом бөлүнгөнү айтылат маалыматта. Баймурзаев социалдык тармактын чыгымдарынын өсүшүнүн башкы себептеринин бири мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы экенин айтты. 2015-жылы мугалимдердин маянасын жогорулатууга 2,2 миллиард сом, 2016-жылы 6,6 миллиард сом, 2017-жылы 6,6 миллиард сом каралган.