“Өткөн суткада өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталды”,- деп билдирди 11-апрелде ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев. Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Ош шаарында 2 өрт кырсыгы орун алган. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан №16-кесиптик лицейдин Эсептөө бөлмөсүнөн өрт чыгып, жалпы 18 чарчы метр аянт жана эмеректер күйүп кетти. Өрттүн кесепетинен көз жумган адамдар болгон жок.