Республикада 42 көмүр кени катталып, анда жалпысынан 1,411 миллиард тонна көмүр запасы бар

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун модернизациялоонун жүрүшү, тактап айтканда, курулган отун-транспорттук цехинин административдик корпусу, ЖЭБ аймагындагы спорттук аянтча, жаңы жабдууларды куруу жана монтаждоо тилкеси жана автотрансформаторлордун абалы менен таанышты. "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Таалай Толубаев маалымдагандай, учурда борбордук ЖЭБди модернизациялоонун үчүнчү баскычы ишке ашырылууда. Жаңы жабдууларды куруу жана монтаждоо боюнча иштер аткарылууда. Ал белгилегендей, бардык курулуш иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата жабдууларды которуу жана түтүктөрдү кайрадан трассировкалоо иштери аткарылган. 37 долбоор ишке ашырылып, анын ичинен турбиналык цех боюнча – 13 долбоор, буу казандар цехинде – 16 долбоор, химиялык цехте – 4, электр цехинде 4 долбоор ишке ашырылган. Ошондой эле 8 агрегатты, 4 түтүк агрегатты жана түтүн өткөргүч түтүктөрдү демонтаждоо боюнча иштер аткарылды. Жаңы блоктордун курулушу жана бийиктиги 150 метр түтүн түтүктөрү үчүн аянтча даярдалды.

Жээнбеков модернизациялоону аягына чыгарууда негизги көңүлдү жергиликтүү көмүр менен камсыз кылууга бурду.

"2017-жылы борбордогу Жылуулук электр борбору толук кандуу жергиликтүү көмүргө ыңгайлашуусу керек. Ал убакытка чейин ата мекендик өндүрүүчүлөр Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна көмүрдүн тийиштүү көлөмүн жеткирүүгө даяр болушу зарыл", - деп белгиледи ал.

Бул ата мекендик көмүр өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталат.

"Республикада көмүр өндүрүү – өлкөнүн отун-энергетика жаатындагы алдынкы тармактардын бири болуп. Азыркы мезгилде республикада 42 көмүр кени катталып, анда жалпысынан 1,411 миллиард тонна көмүр запасы бар. Бүгүнкү күндө биз жеке өндүрүшүбүздөн керектөөчүлөрүбүздүн жарымынын гана талабын канааттандырып жатабыз, калган бөлүгү импорттолуп келүүдө. Буга байланыштуу ата мекендик көмүр кендеринин мүмкүнчүлүгүн толук кандуу колдонуу жана көмүр өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүү керек", - деди Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга реконструкциялоо иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү жана бардык стандарттарга, нормаларга ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан