Ош шаардык мусулмандар казыяты өрттөн жабыркаган 10 үй-бүлөгө 120 миң сом жардам көрсөттү

Ош шаардык мусулмандар казыяты өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөргө 120 миң сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта муфтияттан билдиришти.

"Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Новаи көчөсүндө өрттөн жабыркаган 10 үй-бүлөнүн жашоочуларына 120 миң сом жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев катышты. Шаар казысы өрттөн жабыркаган тургундарды сабырдуу болууга чакырып, мындан сырткары тилсиз жоодон сактануу үчүн үй жумуштарында кылдат болууга үндөдү.

Эске салсак, 6-август күнү Кызыл-Кыштак айылындагы бир нече үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 турак жай толугу менен күйүп, 5 турак жайдын чатырлары өрттөнүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adiko.saitov
2016-08-16 08:56:31
Уйлорун бири бирине жабыштырып салга.ОРТ копсуздугун сактаган эмес
+3
KGstan1981
2016-08-16 12:34:54
Сулейман-Тоонун жанында озбек махаласи аябай бири бирине жакын салынган дубалдары жармашып турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан