"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберген адамдар бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттарга жооп берет
Бүгүн, 11-апрелдеги парламент
жыйынында депутаттар "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан бошотулуп, чет
өлкөгө чыгып кеткенине нааразычылык билдиришүүдө. Көпчүлүк депутаттар бул ишке катыштыгы бар бардык
адамдарды Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына чакырууну талап кылышууда. Депутат Бөдөш
Мамырова "Садыр Жапаровду жыйынга 1 саатка алып келели десек каршы чыктыңыздар
эле, ал эми оор кылмыш менен камалган адамдын чыгып кеткенин кандай түшүнсөк
болот?” деди. Депутат Ташполот Балтабаев бул пикирди колдоого алды. Ал эми эл өкүлү Курмантай Абдиев бул ишке тийиштүү бардык адамдарды
ЖКга алып келүүнүн зарылчылыгы жоктугун айтып, тиешелүү комитеттерге бул ишти териштирүү
боюнча тапшырма бериш керектигин айтты. Жыйынтыгында бул маселе добушка коюлуп, Батукаевдин абактан бошотулушуна жана өлкөдөн чыгып кетишине жооптуу адамдарды бүгүн, саат 14:00дө ЖКнын жыйынына
чакыруу чечими кабыл алынды.