Жогорку Кеңеште соттолгон же жаза мөөнөтүн өтөгөн адамдарга айыл өкмөт башчылыгынан баштап, жогорку мамлекеттик органдарда иштөөгө тыюу салган нормаларды өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул максатта депутат Исмаил Исаков "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун башкы максаты - мыйзамдарды бири-бирине каршы келген нормаларды алып салып, аларды шайкеш келтирүү. Мыйзамга ылайык соттолгон же жазасын аткарган жаран аким, мэр, айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт. Бирок ошол эле убакта президент, министр, депутат болууга укугу бар. Депутаттар мындай карама-каршылыкты жоюу үчүн маселени жалпы жыйында талкуулап, чектөөнү саясий жана жогорку кызматтарды ээлөөгө да киргизүү керек деген ойлорун айтышууда. Эгерде бул демилге колдоо таппаса, анда буга чейин кабыл алынган "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу" жана "Жергиликтүү администрация жөнүндө" мыйзамдардагы чектөө койгон нормалар да алынышы керек.