Чыныбай Турсунбеков Түштүк Африканын элчисин дипломатиялык миссиясынын аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 16-августта Түштүк Африка Республикасынын Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандагы элчиси Шириш Манаклал Сонини кабыл алды. Иш-чара элчи Шириш Манаклал Сонинин дипломатиялык миссиясынын аяктап жаткандыгына байланыштуу болду. Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптар Кыргыз мамлекети менен Түштүк Африканын ортосундагы кызматташтык мамилелерди талкуулашты.

Чыныбай Турсунбеков эки өлкө ортосундагы экономикалык карым-катнашты жакшыртууга, Түштүк Африкалык инвесторлордун Кыргыз мамлекетине келишине кызыкдар экенин белгиледи. "Өлкө жетекчилиги, анын ичинде кыргыз парламенти чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө болгон аракетин жумшоодо", - дейт Чыныбай Турсунбеков.

Өз кезегинде элчи Шириш Манаклал Сони эки өлкөнүн кызматташуусу жемиштүү жүрүп жатканын айтты. "Эки жактуу кызматташууну, өзгөчө тоо-кен тармагындагы кызматташууну жандандыруу зарыл”, - дейт элчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан