“Өкмөт 2014-жылды медицина мекемелерин куруу жана оңдоо жылы деп жарыялашы керек”,- деди бүгүн,
11-апрелдегы Парламент жыйынында депутат Жусупали Исаев. “Бишкектеги кургак учук ооруканасынын абалы мышык ыйлагыдай. Ушундай шартта иштеп жаткан дарыгерлерге таазим кылыш керек. Саламаттыкты сактоо тармагын унутуп калдык, кайра "начар иштөөдө" деп дарыгерлерди күнөөлөп жатабыз”,-деди эл өкүлү. Депутат Тынчтык Шайназаров операция учурунда башынын ичинде медициналык бинт калып калып, бир жаран каза болуптур деген маалымат коомчулукка тараганын айтып, саламаттыкты сактоо тармагында реформа жасоо керектигин билдирди. “Былтыр мектептерде сарык оорусу абдан күч алды. Кандай болбосун саламаттыкты сактоо тармагына өкмөт көңүл бурушу кажет",- деди ал.