Вице-премьер Жеңиш Разаков Ош облусундагы талаштуу чек ара тилкелерин көрүп чыкты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков иш сапары менен Ош облусуна барды. Иш сапар алкагында Разаков Араван, Ноокат, Алай жана Чоң-Алай райондорундагы талаштуу делген чек ара тилкелерин көрүп чыкты.

Вице-премьер-министр Алай жана Чоң-Алай райондорунда жайгашкан “Эркеч-Там”, “Кара-Мык” чек ара заставаларынын жана көзөмөл-өткөрмө пункттарынын ишин көрүп чыгып, жүргүнчүлөр менен айдоочулардын көйгөйлөрүн укту. Андан ары алыскы “Алтын-Мазар” чек ара бекетинде болуп, андагы кызматкерлер менен жергиликтүү жашоочулардын абалынан кабар алды.

Араван районуна болгон иш сапарында аймактагы чек ара бекети жана андагы чек арачылардын жашоо шарттарын көрүп, чек арага жакын жайгашкан Керкидон, Каримберди жана Кызыл-Туу айылдарында болуп, өткөрмө пункттарынын иши менен таанышты.

Иш сапарынын жыйынтыгында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнө жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына чек арага жакын жайгашкан айылдардын социалдык-экономикалык абалына көңүл буруп, инфраструктурасын жакшыртуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу 17-августта өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан