Турсунбек Акун: "Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, кайрадан революция болот"

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы. Бүгүн, 17-августта SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берип жатып, Конституция өзгөртүлсө, өлкөдө кайрадан баш аламандык орун алышы мүмкүн экенин айтты. "2010-жылы референдумда Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөө жобосу кабыл алынган. Бүгүн Конституцияны өзгөртөбүз деп бул жобого каршы чыгып жатышат. Азыркы Конституция жакшы иштелип чыккандыгы үчүн 6 жылдан бери тынчтык болуп жатат. Эгерде өзгөртчү болсок, кайрадан революция болуп, баш аламандык орун алышы мүмкүн. Мени "доңуз саясатчы" деп коёт. 4-5 жылдан кийин эмне боло турганын билип коём. Чындыгында, эмоционалдуу түрдө айтканда, уктап жаткан арстанга тиш салып жатабыз, ойгонсо Алмазбек Атамбаевди баш кылып жутуп алат", - деди Турсунбек Акун.

"Конституциядагы өзгөртүүлөрдүн айрым нормалары адам укуктарын чектөөгө жана премьер-министрдин укуктарын кеңейтүүгө багытталган. Премьер-министрдин укуктарын кеңейтүүнүн кереги жок, ар дайым парламент алдында отчёт берип, көзөмөлүндө турушу керек. Жаңы өзгөртүүгө ылайык, парламент өкмөттү оңой жол менен кызматынан ала албайт. Мына ушул жагы кооптуулукту жаратат. Андан сырткары өзгөртүү киргизүүдөн мурун конституциялык кеңешме түзүп, аны менен бирге коомчулуктун пикирин угуу керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан