Берекесин берген күз айы улам жакындаган сайын мөмө-жемиштердин катары толукталып, калктын кампасы толот. Жазында маңдай тер төгүп эмгектенгендердин акыбети эми кайтарылып жатат.
Ысык-Ата районунун Бирлик айылынын жашоочусу Алишер Машанло жети жылдан бери дарбыз талаасында эмгектенип үй-бүлөсүн багып келет. Ал 37 жашта. Ысык-Ата районунда төрөлгөн. Анын 5 баласы бар. Жубайы Фатима менен кетмен чаап, 1 жарым гектар дарбыз, 1 гектар картошка жана 50 сотых жерге пияз айдаган.
"Быйыл дарбыздын баасы арзан болууда. Өткөн жылы бул убакта 1 килограмм дарбыздын баасы 10-15 сом болчу, азыркы күндө 4 сомдон сатып жатабыз. Мындай баа мээнетибизди актабай калып жатат, анткени дарбызды тигип, багып-өстүрүү чоң түйшүк", - дейт Машанло.
Бишкек-Кант унаа жолунда таштын үстүнө чака, анын үстүнө бир дарбыз коюлган дыйкандын бакчасына кардарлар тынымсыз келишет. Анткени жети жылдан бери бир орунда дыйканчылык кылып, кардарларды топтоп алган.
"Мен дайыма ушул жерден дарбыз сатып алам. Бул дыйкандын дарбыздары талаадан жаңы алынып келинген. Алишер мырза дарбыздарды унаага салып базарга алып барбайт. Анын дарбыздары күн ысыкта жол четинде турбайт. Ошондуктан ишенимдүү деп дайым жолдон өтүп баратып дарбыз ала кетем", - дейт Кутман Жообасаров.
Дыйкан көлөмү жагынан башкаларга окшобогон дарбыздын америкалык түрүн эккен. Ал дарбызды багып өстүрүү боюнча ой бөлүштү.
"Башка өсүмдүктөргө караганда өзгөчө кароону талап кылат. Дарбыз бир жылдык өсүмдүк болгондуктан, жаз алды менен жер айдап, арыгы чабылып, урук себилет. Урук ташталган жерди полиэтилен жылтырагы менен жаап чыгабыз. Бул аракет отоо чөптөрдүн чыгуусуна тоскоол болот жана урукту суук алып кетүүдөн сактайт. Уруктан дарбыз өнүп чыкканда полиэтилен жылтырагынын ошол жерин кичине тешип дарбыздын сабагын чыгарып коёбуз", - деп кошумчалады дыйкан Машанло.
Анын айтымында, дарбыздын жакшы бышканын куурап калган сабагынан билүүгө болот. Мындан сырткары бышкан дарбызды өңүнөн жана чертип көрүп чыккан үндөн билүүгө болот. Кээ бир дарбыздардын көлөмдүүсү 14 килограммга жетет.
Алишер Машанло жаз алды менен үй-бүлөсүн талаага алып келет. Дыйканчылык иштери башталгандан тарта жерди күндүр-түндүр кароого туура келет. Ал үчүн дөңгөлөктүү вагон алып келип койгон. Март айынан баштап кеч күзгө чейин талаадагы вагондо жашайт. Жашоо үчүн атайын шарт түзүп алган. Кадимки үйдө жашагандай тамак жасап, кир жууп жашоо өткөрөт.