Курманбек Дыйканбаев "карылар үйүндө жашоочуларды өз айылдарына алып баруу керек" дейт

"Кыргызстанда 2000ден ашык бала, кары-картаңдар жатак-мектептерде, карылар үйүндө жашайт". Мындай билдирүүнү бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, бул мекемелерге бир күнгө тамак-ашка бир кишиге 55 сом бөлүнөт. “Абакта отурган “мыйзамдагы ууруларга” күнүнө тамак-ашына 120 сомдон бөлүнөт. Бул эмне деген иш? Бизде качан баласын, ата-энесин таштап кетчү эле? Азыр бул мекемелерде башка улуттар жок, жалаң кыргыздар экен. Бул жарандарга бөлүнгөн акчаны карап чыгуу керек, ошондой эле аларды туугандарыныкына, өз айылына алып барууну карап чыгуу керек”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан