Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта декларацияланбаган эл керектөөчү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын ташылып келүүсүнө бөгөт коюу боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйында республиканын аймагына күйүүчү-майлоочу майдын мыйзамсыз ташылып келүү кырдаалы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтын төрагасы Айбек Кадыралиев маалымат берди.
Өкмөт башчы белгилегендей, декларацияланбаган эл керектөөчү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын ташылып келүүсү боюнча чоң көйгөй орун алууда. 2016-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча салык кирешелеринин планынын аткарылышындагы артта калуулар 1,4 миллиард сомду түздү. Анын ичинде ЕАЭБ алкагындагы импортко каралган кошумча нарк салыгы боюнча (түшүү) 572,5 миллион сомду түзөт.
"Биздин өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу республиканын өкмөтү үчүн өнүгүү мүмкүндүктөрү менен катар башкарууну жана эсепке алууну жакшыртуу, ата мекендик ишкерди жана ак ниет салык төлөөчүнү коргоо, мамлекеттик чек ара тилкелериндеги өткөрмө пункттардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жаңы милдеттерди коюуда. Буга байланыштуу мамлекеттик органдарга декларацияланбаган товарлардын ташылып келүүсүнө, салык төлөмдөрүнөн качууга бөгөт коюу боюнча чараларды күчтөндүрүүсү зарыл", - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.
Айбек Кадыралиев белгилегендей, декларацияланбаган товарларга карата күрөш биргелешкен түрдө жүргүзүлүүсү тийиш, анткени жеке түрдө аны ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эмес. Мамлекеттик салык кызматы маалымдагандай, чек аралардагы товарлардын ташылуусу боюнча көзөмөл жүргүзгөн ыкчам топтор жер-жерлерде иш алып барууда.
Премьер-министр белгилегендей, Мамлекеттик чек ара кызматы, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып кирүүнү, ташууну жана сактоону токтото алат. "Болгону эркти жана ак ниеттүүлүктү көрсөтүп, "күңүрт схемалардан" тышкары болуп, мыйзамсыз товарлардын ташылуусуна каршы күрөштө күчтү бириктирүү керек", - деп билдирди Жээнбеков.
Премьер-министр кеңешменин жыйынтыгында декларацияланбаган товарлардын жана күйүүчү-майлоочу майлардын ташылып келүүсүнөн салыктык алымдардан бюджеттик жоготуулардын алдын алуу максатында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.