Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Ошко жөнөп кетти

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна жөнөп кетти. Сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу, логистикалык борбордун иши жана Араван районундагы жер-жемиш базасы менен таанышат. Мындан тышкары Кара-Суу районундагы Барак эксклавынан көчүп келген Беш-Үй айылынын тургундары менен жолугушуу пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков жаңы конуштун инфрастуктурасын көрүп чыгат. Ошондой эле ал 2015-жылы жер титирөөдөн жабыркаган Чайчи айылынын жашоочулары менен жолугушат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан