Ички иштер министрлиги Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасындагы Катардын ыйгарым укуктуу элчиси Мохаммед бин Арар аль-Наими менен 17-августта жолукту. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Тараптар эки өлкөнүн туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо кызматташтыгынын тармактарын жана түрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл учурда актуалдуу болуп жаткан терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү маселелерине бөлүндү. Катышуучулар кийинки иштер жемиштүү болоруна, укук коргоо органдарынын мыйзамды камсыздоодо кызматташтыгы күчтөнөрүнө ишенишерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.
Жолугушууда министр жана элчи эстеликке белектер менен алмашышты.