Рио-де-Жанейродо каза болгон Германия курамасынын машыктыруучусу 4 адамга донор болду

Германиялык кайык слалому боюнча олимпиадалык курамасынын каза болгон машыктыруучусу Штефан Хенце 4 адам үчүн донор болду. Бул тууралуу Германиянын "Die Welt" басылмасы кабарлады.

Маалым болгондой, 15-августта Рио-де-Жанейродо 35 жаштагы Штефан Хенце отурган такси жол кырсыгына кабылып, башынан оор жаракаттарды алган. Ооруканадан машыктыруучунун өмүрүн сактап калуу максатында бир нече операция жасалган, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал каза болгон.

"Рио-де-Жанейро штатынын Саламаттыкты сактоо мекемеси билдиргендей, Штефан Хенце жүрөк, боор жана эки бөйрөктүн донору болгон. Анын бул төрт органы башка адамдарга ийгиликтүү салынды", - деп жазып чыккан басылма.

Хенце Афиныда 2004-жылы өткөн Олимпиадада күмүш медалга ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Frunze74
2016-08-18 12:38:08
Дуйнодо бизнестин жаны туру гулдоп осуудо, бул адам органдарын алып-сатуу. Айрым учурларда адам омурун сактоого мумкун болсо да бизнес учун "сактай албадыкка" чыгарып, кийин анын органдарын алып сатышууда. Кээ бир олколордо бул учун маркумдун жакындарынын уруксаты керек болсо, коптогон батыш олколорундо эч кимден сурап да отурушпайт. Тарп талашкан чоодой адам органдарын чыгарып алышат кескилеп... Олгон жаныбар ордуна адам... Кандай гана нааданчылык, мына силерге батыштын демократиясы!.
+14
aibars
2016-08-18 15:04:50
Frunze74, мен дагы ошону айтайын дегем
+5
Frunze74
2016-08-18 12:51:34
Акыркы 3-5 жылда эле Европага качып отуп кийин дайынсыз жоголушкан жуз миндеген оспурум мигранттар (Азия, Африкадан барган) адам органдарын сатууну кесип кылган кылмыш топторунун колуна тушкон болуу ыктымалдыгын айтышат. Элестеткиле, тируу адамды ээн жерден баса калып алып кетип, кийин анын ички органдары: журок, боор, опко, от ж.б.алуу учун олтуруп жатышканын. "Комуско рынокто" адам органдарына талап куч жана мындай кылмыштын дуйнолук масштабы эч кимге белгисиз.. Жеткен нааданчылык.
+19
zamandash
2016-08-18 13:02:54
Frunze74,Эч ойлободум эле экообуздун оюбуз бир болот деп. Мунусунда оюбуз бир экен
+7
Turdakun85
2016-08-18 14:03:25
Frunze74 эң туура ток этээр жерин айттыңыз сизге 100%кошулам
+3
Parish
2016-08-18 14:34:16
Эх жашоо!

0
s9zen098
2016-08-18 14:45:20
Жолдо, белде өлүп калсан балээ экен да. Ичегиндм чубап, органынды алып акчалууларга сатып ийсе. Эмнеси болсо да өз үйүмдө жатып эле өлсөм экен деп калдым. Буларды угуп оорууканада өлгөндөн да коркосун
+5
Seryi-Kardinal
2016-08-18 15:13:09
ozu olgonu menen dene mu4oloru jawap atyptyr da,kyzyk narky duinodo emne bolot eken emi
-1
zamandash
2016-08-18 15:52:07
Бирок ажалы жетип олуп жатса. Башкаларга донор болуп жардам бергени жакшыго. Уилл смит ойногон каарманга окшоп
+1
Jazi89
2016-08-18 19:13:56
zamandash,тура созуно кошулам
Бекер эле ошол органын гордо чирип
Курт кумурскага жем болот
Андан коро ден соолугу жок адамдарга
Донор болсон жакшы го
0
Frunze74
2016-08-19 00:05:52
Jazi89, Алыс барбай эле озундун жакындарындан башта: ата-эне, ага-ини, эже-синди, жолдошун, балдарын (кудай анын бетин ары кылсын) бири кайтыш болсо интернетке жарыя бересинби, "свежий журок, боор, опко, ичеги, бойрок бар, желаюшийлер звонок кылгыла деп... Батыштын сандырак идеяларын бизге тануулардан мурун озунду ошол орунга койуп ойлонуп кор, туура айттымбы деп...

Сенин колунан келеби ошол иш?!!!
+3
zamandash
2016-08-19 06:26:20
Frunze74,озундон бир нерсе чыкпай туруп, бироодон тиленген жан экенсин(нерсе). Туугандарынын эмес.туугандар озулору билишсин Озунун денесине. Интернетке жарыялабасан деле табылат. Жащоо бир келет. Озун кайтып жатсан бироого жардам бер, жашасын. Ой жугуртуп жатып, оркундотуп жиберет экенсин
-1
Frunze74
2016-08-19 00:07:40
zamandash, жомоктордо жашап журо бер, жомокто баары болот, ал эми жашоо бир эле берилет, анын баары аманат...
+3
zamandash
2016-08-19 06:30:07
Frunze74,жомок эмес эле, жардам берип жатпайбы бул адам ушуга окшоп эле. Реалдуу жашоодо. Март боло албасан, бироодон да сураба.бекерчи болсон. Озундон башка эч ким куноолу эмес
-1
Frunze74
2016-08-19 09:07:37
zamandash, Сен ооруйт экенсин чын айтам. Кааласан бугун оз макулдугунду бере бер, олгонундон кийин да сени "март экен" дешсин. Зато бара бара уруксат да сурабай калат. Сенден кийин бала-чакан, тукумун олсо маркум башында врачтар болот тарпка уйулгон чоодой болуп маркумдун ички органдарын чубап алып...

Бул Батыштын сандырак "марттыгы" менталитетибизге да, динге да туура келбейт, акылга да сыйбайт. Ошондуктан мындагылардын башын айлантып элди бузгуча ошол Батышына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан