Чолпон-Ата шаарында 25 жаштагы тургун сел учурунда үйдүн ичинде калган кыздарды жана сууга агып бараткан баланы куткарганын айтып берди

16-августта түшкө жакын Чолпон-Ата шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, 50дөй үйдү суу каптаган. Сел учурунда 25 жаштагы шаар тургуну Кубан Төлөмүшов үйлөрдүн биринин ичинде калган эки кызды жана сууга агып бараткан 10 жаштагы баланы куткарганын SUPER.KG'ге айтып берди.

"Сел бир канча үйдү каптап жатканын угуп, эл менен кошо чуркап бардым. Бир кезде сайдын жээгиндеги үйлөрдүн биринин ичинде эки кыз бар экенин айтып, жардам керек дешти. Ошол жерден эле дароо катуу агып жаткан суудан эптеп өтүп үйгө кирсем, үйдүн ичине суу толуп, эки кичинекей кыз керебетке чыгып алып турушкан экен. Аларды терезеге чыгарып, үйдүн электр каражаттарынын баарын өчүрүп салдым. Андан кийин күрөктөр менен бир байке экөөбүз суунун нугун бурдук. Ошол учурда дагы бир 10 жаштагы бала сууга агып баратып көпүрөнүн түркүгүн кармап калганын көрдүк. Жанымдагы байке баланы куткарам деп өзү да агып кетти. Аны чыгарып, андан соң баланы да куткарып калдым", - деди шаар тургуну Кубан Төлөмүшов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
keba300989
2016-08-18 13:21:58
Кудай сактасын.
+3
abusait
2016-08-18 13:26:19
Мына ушу балага алтын медаль бергиле . Жакшы эрдик кылыптыр. Айфонду да бергиле.
+5
Arslan12
2016-08-18 13:27:04
Азаматсын чыныгы эр журок кыргыздын жигити экенсин
+6
bema_bema
2016-08-18 13:35:55
Нелер гана болуп жатат олкобуздо тынчылык эле болсун кыргызстанда.

Бул бала молодец кыргыздын баатыры десе жарашчуудай.
0
mahabat.
2016-08-18 14:31:10
25 жаштан улуу корунот экен.эрдик иш кылыптыр
+1
admin_portal
2016-08-18 14:34:56
Syper.kelin4ek, zhykyo, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
Belek2070
2016-08-18 14:37:32
Бул жигит чыныгы эр жигит экен медаль болбосо да акчалай сыйлык бериш керек бул жигитке.
+2
aibars
2016-08-18 14:59:27
Алтын башын аман болсун боорукер мекендешим!!
+3
chinara88
2016-08-18 15:02:30
Молодец
+1
NARYNGRAD
2016-08-18 15:16:27
Азамат жигит экен, турганында эле кеп жатпайбы:-)
0
Goldenboy
2016-08-18 15:18:56
:)
0
Aselya_9105
2016-08-18 19:42:20
Кылганы иши алтын медалга татыктуу экен. Бирок эрдигин эл айтып келиш керек эле, өзү эмес. Жакшылык кылсаң айтпай кыл дечү беле...
-1
simone
2016-08-19 06:42:52
Азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан