Бүгүн, 18-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бийликтегилердин Конституцияны өзгөртүү демилгесине жаралган каршылыктар олуттуу мүнөз күтө баштады. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов 17-августта отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, бул кадамын Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине макул эместиги менен түшүндүрдү. Элчинин президенттин атына жазган арызында: “Сиз колдоп жаткан Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү демилгеси менин жарандык позицияма каршы келет. Ошондуктан учурдагы Конституцияны коргоо үгүт иштерине активдүү катышууну менин жарандык милдетим деп сезем жана мындан ары кыргыз бийлигинин расмий өкүлү болууга моралдык укугум жок деп эсептейм”, - деп айтылган.
Мамлекеттик кызматта туруп, Конституцияны өзгөртүү маселесинде бийлик менен позициясы дал келбей калгандыгы үчүн кызматтан кетүүнү суранган жалгыз өкүл азырынча Кылычбек Султанов. Бийликтеги партиялардын тизмеси же квотасы менен кызматта отургандардын арасында Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул эместер жок деш кыйын, алардын макул эместигин ачык айтып чыгышы андан бетер кыйын. Себеп – алардын ээлеген кызматы. Ошондуктан кыргыз саясатчылары моралдык принциптен улам кызматтык креслодон баш тарткан учурлар сейрек кездешет. Укук жаатындагы тажрыйбалуу эксперт Рита Карасартованын кечээ “элчинин Конституцияны өзгөртүүгө каршылык билдирип отставка сураганы чын болсо, анда Кыргыз Республикасынын келечеги алдыда экенине ишенем” деп билдириши да бекеринен эмес.
Кылычбек Султанов өзү буларга токтолду: “Акыркы 6 жылда гана эл Конституция – бул формалдуу эле документ эмес, мамлекетибиздин негизги жашоо эрежеси экенин түшүнө баштады. Мурда элибиз “оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” деп жүрүшсө, азыр бай-кедейине карабай бир негизги эреже бар экенин биле баштады эле”... 2010-жылы аттап өткөн баткакты азыркы бийлик өзү тебелегени жатабы? 6 жыл мурун "кой деген кожосу жок", 5 миллион элди каалагандай калчаган Бакиевдер династиясын эл ээрден оодарып, азыркыларды бийликке отургузушпады беле...
Элчинин кызматтан кетүү ниетин Тышкы иштер министрлиги коомчулукка башка нукта түшүндүрүүгө аракет кылды. "Ооба, элчи президенттин демилгесин колдобой турган болду" деп айтуу кыйын болду сыягы, ошондуктан "эки тараптуу мамиленин өнүгүүсү байкалбаганы үчүн Малайзиядагы элчилик ансыз да жабылганы жаткан" деп билдирүү жасады. Расмий маалыматка ылайык, соңку жылдары кыргыз жерине Малайзиядан келген жарандардын саны 6 эсеге көбөйгөн. Ал эми Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2014-жылга салыштырмалуу Кыргыз жеринен Малайзияга болгон экспорт 85 эсеге өскөн. Үстүбүздөгү жылдын март айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети элчи Кылычбек Султановдун отчётун угуп, жакшы баа берген. Бул жыйынтык ТИМге байкалбай калганы кызык. Элчинин өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө жазган арызынан кийин президент Алмазбек Атамбаев аны кызматтан бошотту.
Чуусу басылбаган Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин окутуучуларынын дооматын комиссия туура деп тапты. Үстүбүздөгү жылдын июнунда окуу жайдын окутуучулары митингге чыгышып, сынактан өтпөй калганына нааразычылык билдиришкен. Кырдаалды иликтөө үчүн Билим берүү жана илим министрлиги жана парламент тарабынан түзүлгөн комиссия окуу жайдын ректорунун 2015-жылдын сентябрынан берки иштерин мыйзамсыз деп тапты. Окутуучулар курамын түзүүдө жарыяланган сынактын жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими, университеттин Окумуштуулар кеңешин таркатуу буйругу чыкканын билдирди окуу жайдын кызматкери Мирбек Шарабидинов. Эми ректордун жоопкерчилиги каралмакчы. Эки жыл мурун араң дайындалган жетекчинин орду кайра талашка түшүшү мүмкүн. Анткени бул орунга көз арткандардын саны көп экенин буга чейинки окуялар көрсөткөн.
2014-жылы ректор шайлоодо Алтай Бөрүбаев, Болот Токтобаев жана Чынара Адамкулова алдыга чыгып, бирок шайлоо мыйзамсыз өткөнүн айтып айрым талапкерлер сотко кайрылышкан. Соттук териштирүүлөрдөн улам окуу жай 8 айдан ашык ректорсуз турган. 2015-жылдын июнунда премьер-министрдин буйругу менен Чынара Адамкулова дайындалып, шайлоодо эң көп добуш алган Бөрүбаев дайындалбай калган. Ал эми 2016-жылдын башында бул окуу жайды айрым активисттер “имаратка турникет орнотуу үчүн студенттерден акча жыйноодо” деп айыптап чыгышкан. Айтор, чуунун аягы тыйыла элек. Өз ара тирешүүдөн арыла албай жаткан мугалимдер менен жетекчиликте студенттердин билим алуусун ойлоого чама барбы?..
“Рио-2016” Олимпиадасына катышкан балбан Айсулуу Тыныбекова кыргыз элинин тилектештигин бекемдеди. 17-августтан 18-августка караган түнү мекендешибиз килем үстүнө чыгып алгачкы эки атаандашын утуп, бирок кийинки эки атаандашына жеңишти алдырып койду. Муну менен медаль утуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Спортчу жаш, анын жеңиштери али алдыда экени талашсыз. Белгилей кетүүчү жагдай, беттеш учурунда Айсулууну миңдеген кыргызстандыктар катуу колдошту. Социалдык тармактагы билдирүүлөр, жакшы тилектер, биринин пикирин экинчиси кубаттаган жылуу сөздөр... Намыс ишине келгенде кыргыз элинин бир муштумга бириге аларын Айсулуу саналуу сааттын ичинде тастыктап койду. Ушундай биримдик, тилектештик кыргыз элинин реалдуу күнүмдүк жашоосунан көрүнсө кана...