Өзгөн районунда мамлекеттик кызматкер 3000 сом пара алды деп айыпталып кармалды

Ош облусундагы Өзгөн районунун Калкты социалдык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары "бала асырап алуу боюнча кайрылган жарандан 3000 сом пара алган" деп шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган кызматкердин пара талап кылып жатканын жергиликтүү тургун ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы чара көрүү башкармалыгына билдирген. Ал кызматкер бала багып алуу иштери боюнча иш алып барган комиссиянын мүчөсү болгон. Тергөө учурунда анын жасаган кыңыр иши далилденди. 10-апрелде ага карата кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан