Надира Нарматова: "Зарылбек Рысалиев трайбалисттик саясат жүргүзүп жатат, эмне оштуктар келесообу?"

"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев трайбалисттик саясат жүргүзүп жатат". Мындай маалыматты бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Надира Нарматова айтып чыкты. Айтымында, Рысалиев өзү башчылык кылган мекемеге Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан келген кадрларды албай жатат. “Рысалиев ИИМде өзүнүн кадрдык саясатын жүргүзгөндө унчуккан эмес элек, эми ЖАМКда да ушундай эле көрүнүш кайталанууда. Мага кызматкерлерди бөлүү болууда деген арыз түшүп жатат. Эмне, оштуктар, жалал-абаддыктар, баткендиктер келесообу же бир жери кемби? Бул мекемедеги маселени карап чыгуу керек. Менин колумда бул маалыматтарды тактоочу документтер да бар”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан