"Борбор шаарда “Көпөлөк” аттуу рейд жүрүп, зордуктоого аракет кылган деп шектелип 1 адам кармалды” деп билдирет Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы. Маалым болгондой, 10-апрелде шаардагы Көк-Жар жаңы конушунун тургуну, 30 жаштагы Э.Ш. аттуу айым милицияга арыз менен кайрылып, өз үйүнөн Макс аттуу адам зордуктоого аракет кылганын айткан. Арыздын негизинде Октябрь РИИБинин кызматкерлери “Көпөлөк” аттуу рейд жүргүзүп, 31 жаштагы Макс аттуу жаранды кармашты. Бул факты боюнча тергөө амалдары башталды.