10-апрелде Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунун 34 жаштагы тургуну Д.Б. милицияга арыз менен кайрылды. Ал өз даттануусунда “Буга чейин 16 жаштагы кызымды Нооруз аттуу бала күч колдонуп зордуктап койгон. Учурда кызымдын 5 айлык боюнда бар”,- деп билдирген. Айта кетсек, жабырлануучу айткан кылмыштуу окуя 2012-жылдын ноябрь айында катталган. Бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, мыйзам боюнча жашы жете элек кызды зордуктагандар 15-20 жылга эркинен ажыратылат.