"Кытай улутундагы жарандар кыргыз паспортун 7-10 миң долларга чейин жасатып алып жатышат". Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Курманбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, паспорт жасатуу маселеси бүгүнкү күндө көзөмөлгө алынбай жатат. “Жакында эле кыргызча түшүнбөгөн кытай улутундагы жаран кыргыз паспорту менен жүргөнү белгилүү болду. Бүгүнкү күндө бул маселени ким көзөмөлдөйт?” деди эл өкүлү. Ошондой эле кыргыз кыздары да кытай жарандарына турмушка чыгып жатканын айтып, нааразычылыгын билдирди. “Эгерде ушул темп менен кете берсек, 20 жылдан кийин абал кандай болот? Бүгүнкү күндө кыргыз паспортун канча кытай жараны алгандыгы тууралуу толук маалымат берүүнү жана бул маселени көзөмөлгө алууну өтүнөм”, - деди Дыйканбаев.