"Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр бузуулар менен киргизилип жатат". Бул тууралуу бүгүн, 19-августта тегерек столдун жүрүшүндө саясат таануучу Зайнидин Курманов билдирди.
Анын айтымында, эгер Конституция өзгөртүлсө, Кыргыз Республикасы бүт дүйнөгө уят болушу мүмкүн. "АКШнын Конституциясын мыкты юристтер 12 жылда жазып бүтүшкөн, ошондуктан ал бүгүнкү күнгө чейин өзгөртүлгөн эмес. Эгер биз сыймыктана турган Конституцияны кааласак, анда жыл сайын өзгөртүлбөгөндөй кылып даярдашыбыз керек. Коомдун ичинде конституциялык өзгөртүүлөрдү талап кылган кыймылдар жок, демек, өзгөртүүлөр саясий күчтөргө керек", - дейт Курманов.