Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ноокат-Араван унаа жолундагы 37 миллион сомдук көпүрөнүн долбоору менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Транспорт жана жол министри Замир Айдаровдун айтымында, учурдагы көпүрө 1960-жылы салынган. Транспорттук агымдын жогорулашы менен аталган көпүрө жаңыртууга муктаж. Учурда Транспорт жана жол министрлигинин Кыргыз жол-трансдолбоор институту жалпы курулуш ишинин долбоордук-сметалык документин даярдап чыкты.
Жээнбеков белгилегендей, курулуш иштерин күзүндө баштоо керек, анткени ал учурда дарыядагы суунун деңгээли төмөндөйт. Көпүрө 8 айыл өкмөтүн (калкы – 75 миң адам) байланыштырган Араван-Сай дарыясына салынат.