Кыргыз Республикасынан барган зыяратчылар тобу 5 жылдыздуу "Замзам Пулман" мейманканасына жайгашышты

Кыргыз Республикасынан 16-августта ажылык сапарга учуп кеткендер 5 жылдыздуу "Замзам Пулман" мейманканасына жайгашышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алгачкы каттам менен баргандар белгилүү "Замзам Пулман" мейманканасына жайгашышты. Ажыга барчулардын калганы эртең, 20-августтан тарта Ош-Медина, Ош-Жидда каттамдары боюнча уча башташат. Эртеңки топ 250 орундуктуу учактар менен учушат. Жалпы 14 каттам болуп, акыркы тобу 29-августта Ош жергесинен учат", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, быйыл ажылык сапарга өлкө боюнча 3565 адам барат. Алар 16-августтан тарта жөнөй башташкан. Ал эми зыярат кылып сапарга чыккандар 29-сентябрда кайтып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Rulik
2016-08-19 17:41:07
Алла разы болсун кылган нийетинер кабыл болсун омин бизге да насип етсин
+2
shadyeva
2016-08-19 22:04:06
Бизге да насип кылсын.
+1
88inara88
2016-08-20 04:15:21
Ваув бизгеда насип этсин амиин.
0
Seit00
2016-08-20 16:47:20
Кыргызтандыктарга да дуа кылвныздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан