Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин макамы мыйзам аркылуу аныкталат

ЖКда бүгүн, 11-апрелде “Медицина кызматкерлердин статусу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Буга чейин медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин макамына арналган мыйзам болгон эмес. Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиеванын айтымында, мыйзам долбоору медицина кызматкерлерине карата социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салууга, укуктук абалын жакшыртууга багытталып, алардын ыйгарым укуктарын аныктоо, милдеттери менен жоопкерчиликтерине мыйзам жүзүндө аныктама берүү максатында иштелип чыккан. Андан сырткары медициналык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн эки жылдык мөөнөт менен аймактарга жиберүү, жаш кадрларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу турак жай салууга жер участкаларын бөлүп берүү, эмгеги сиңген медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө, ишинен айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктарды кароо жаатындагы сунуштар берилген. Баяндамачынын айтымында, берилген сунуштардын көпчүлүгү эске алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан