Бүгүн, 19-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз Республикасынын улуттук командасы “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасынан ушул күнгө карата уткан жалгыз медалынан ажырады. Оор атлетика боюнча 3-орунду ээлеп коло медаль тагынган Иззат Артыков допинг колдонууга айыпталып, Эл аралык спорт арбитраждык соту аны медалдан ажыратты. Бул кабарга кыргызстандыктар катуу кабатыр. Спортчу өзү “эч кандай допинг колдонгон эмесмин” дейт. Кыргыз тарап чечимге макул эместигин билдирип, Эл аралык спорт арбитраждык сотуна кайрыларын ырастады. Белгилей кетсек, Артыков коло уткандан кийин 7-орунду алып калган франциялык оор атлет аны “допинг колдонду” деп айыптаган. Жаңжалдын чыгышына дал ошол билдирүү себеп болгону айтылууда. Кыргыз командасынан тартып алынган медаль 4-орунда турган колумбиялык спортчуга ыйгарылмакчы.
Артыковдун допинг колдонушу өлкөнүн спорт тармагынын аброюна сокку урат. Анын допинг колдонбогонун тастыктоо Кыргыз өлкөсү үчүн кыйынга турушу мүмкүн. Коңшу Казакстанда спортчу кабыл алып жаткан витаминдин, дарынын, тамак-ашынын курамын текшере турган лаборатория бар. Бул лаборатория Допингге каршы күрөшүү агенттигинин берген тизмесинин негизинде иштеп, баарын аныктайт (биздегидей кагаз түрүндө келген тизмеге ишенбей). Ал эми Артыковго кыргыз өкмөтү убадалаган 3,5 миллион сом, Улуттук олимпиада комитети тарабынан убадаланган батир жана автоунаа берилбей калышы мүмкүн. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү бөлүмү жооп берүүдөн качты. Кыргыз Республикасындагыдай кырдаалга Молдова дагы кабылды. Бул өлкөнүн Олимпиададан коло медаль уткан спортчусунан допинг табылганы жарыяланды.
Ошентип, кыргыз элинин көңүлүн сууткан кайгылуу окуялар бир күнгө туш келди. Балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова жеңишке бир кадам калганда медалды тарттырып жиберди, оор атлетчибиз Иззат Артыковдун медалын тартып алышты...
Дүйнөдө допинг чыры атактуу спортчулардын карьерасын тизгиндеген учурлар көп. Алардын бири үстүбүздөгү жылдын март айындагы орусиялык теннисчи Мария Шарапованын окуясы. Допинг тестте анын мельдоний препаратын колдонгону аныкталган. Жыйынтыгында Эл аралык теннис федерациясы Шарапованы 2 жылга спорттон четтетүү чечимин чыгарган.
Ош облусунда “жарандарды Сириядагы согушка үндөгөн” деп шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, шектүү жаран жарандарды согушка азгыруу үчүн Сириядан жөнөтүлгөн тексттерди жана видеолорду колдонгон. Сурак учурунда ал динге ишенбегендерди өлтүрүү үчүн Сирияга барууга даярданып жатканын жашырган эмес. Өлкөдө терроризм менен күрөшүү башкы көйгөйлөрдүн бирине айланганы талашсыз. Бирок бийликтеги күчтөр ушул кырдаалды да жеке кызыкчылыктарга пайдаланууну көздөп жатканын буга чейин депутат Өмүрбек Текебаев айтып чыккан. Сөз терроризм кылмышы үчүн адамдарды жарандыктан ажыратуу нормасын Конституцияга киргизүү аракети жөнүндө. Бишкекте бүгүн Конституцияны өзгөртүү аракетине каршы саясатчылар, эксперттер жана президенттик аппараттын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында адамдарды жарандыктан ажыратуу туура эместигин "Ар-намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов да көтөрүп чыкты. "Жарандыктан ажыратып анан аларды эмне кылабыз? Кууп жиберебизби? Анда биротоло түрмөгө отургузуп же атып салуу жакшы эмеспи?!" - дейт ал. Демилгечилер мактап жаткан жаңы нормалар жапырт колдоо таба албай турган учур...
Кулов Конституцияны өзгөртүү ишинде парламент үн катууга жарабай, баарын президенттик аппарат бүтүрүп жатканын сындап, референдумга Жогорку Кеңешти таратуу пунктун да кошууну сунуштады. Айтымында, референдумга парламентти таратуу сунушу киргизилсе эл бир добуштан колдойт. Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүн оппозициялык күчтөр айтып жаткан сунуштардын көбү Конституцияны демилгелегендерге жакпай турганы президент Алмазбек Атамбаевдин Чолпон-Атадагы жыйынында эле белгилүү болгон. Референдумдан кийин парламент тарабай турганын да президент баса белгилеген. Байма-бай айтылып жаткан сунуштар канчалык эске алынары саналуу күндөрдөн кийин белгилүү болот. Эки аптага жетпеген убакытта депутаттар ишке чыгышат...