2017-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорунда мамлекеттик тышкы инвестицияларды ички кош каржылоого 1,3 миллиард сом пландаштырылууда. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөттүн жыйынында айтты. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 332 миллион сомго көп.
"Бюджет боюнча 30,1 миллиард сом каралган. Ички булактардан капиталдык салымдарга 2,9 миллиард сом, дем берүүчү гранттарга 500 миллион сом, мамлекеттик инвестициялардын тышкы каржылоосуна 25,3 миллиард сом каралууда. Ошондой эле тышкы каржылоонун 19,7 миллиард сому -насыялар, ал эми 7,8 миллиард сому - гранттар", - деди ал.