Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков салыктын өз көлөмүндө чогултулбай жатканынан улам жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчыларын сынга алды. Белгиленген убакытка чейин берилген тапшырмаларды так аткарууну талап кылды. "Жергиликтүү бюджет кийинки жылы салыктык кирешелердеги жеңилдиктерден улам 2,7 миллиард сомго азаят. Бул каражатты толтурууга республикалык бюджеттен каралат, бирок өткөн жылы салык чогултуу 96 пайызга гана аткарылган. Ошондуктан 9 айдын жыйынтыгы менен дагы карап чыгып, анын жыйынтыгында ар бириңерге баа берилет. Эгерде иш жакшы эмес болсо, чара көрүлөт", - деди премьер-министр.