Бишкекте тургунду сабап, уюлдук телефонун, сумкасын жана кийимин тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын К.Л. аттуу тургуну кайрылып, 21-август түнү аны белгисиз адам сабап, тоноп кеткенин билдирген. Мындан улам жабырлануучуга 5200 сом материалдык чыгым келтирилген. Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 33 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - дейт Бишкек ШИИББнин маалымат кызматы.