ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Ничке-Сай айылындагы мектептин абалы оор, бир отургучка экиден отуруп окуйбуз" дейт 12 жаштагы окурман

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Ничке-Сай айылындагы мектептин абалы тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 22-августта билдирди.

"Мен 12 жаштамын. Биздин мектептин абалы ушундай: эшиктери эски, шыбы түшөйүн деп турат. Андан тышкары мектеп кичинекей. 6 кабинет бар, бир отургучка экиден отуруп окуйбуз. Спортзалы 2,5 жылдан бери салынып бүтө элек, дубалдарын араң көтөрүштү. "Быйыл бүтөбүз" деп убада беришкен, бирок аткарыла элек. Сураныч, биздин мектепке бир кичинекей жардам керек", - деп кайрылды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Elmar
2016-08-22 12:23:46
Смартфон 12 жашар балага бул айда))молодец
0
rahatov
2016-08-22 12:38:54
мен озум ничке сайдан болом бул кыз калп айтат былтыр жаны мектеп салынган
+4
Rifle_S
2016-08-22 12:44:13
rahatov,жаңы мектептин сүрөтүн күтөбүз анда.
+5
knk
2016-08-22 12:52:59
Бул кайсы мектеп. Бул жакта жапжаны мектеп курулбады беле.
+4
Gulasyl
2016-08-22 12:55:59
Ничке сай Мектебибиз эн сонун, сыймыктанабыз!А тиги 12 жашар кыз зериккенго.
+1
tyrgon
2016-08-22 13:05:34
Мектеп ушундай абалдабы
0
leilekstan_1987
2016-08-22 13:09:43
Бул кыз зееригип кылаарга иш таппай эле эски мектептин суротторун жонотуп койгонго
0
gutler
2016-08-22 13:32:30
Оо бу Дуйшондун мектебиго.
+1
MAKALAK
2016-08-22 13:43:56
карандай калп ишенбесенер баргыла бул эски мектеп ушунун ичинде ким окусун
0
jalguzum
2016-08-22 13:45:58
Бул мектепке окшобойтко
0
ariet97
2016-08-22 15:01:23
Ничке сайга мектеп курулган бул телман айылы
+1
ariet97
2016-08-22 15:01:49
Ничке сайлыктар барбы
+1
Jakshlyk89
2016-08-23 08:28:24
чындап бул айылга барып келгилечи элдин баарын талаш тартыш кылбай бирок мектептин абалы кейиштуу эле окшойт смартфонду ушу 12 жашар балага эле бергиле.
0
Forevergulmairam
2016-08-23 10:38:27
Бул жакка жаңы мектеп түшүп былтыр Сариева жана О.Артыкбаев келип ачылышы өткөн.спорт залы дагы бар аябай жакшы состояниеде.а бул мектеп эмес эле бирөөнүн эски кухнясы менен жаңы салынып жаткан үйүго...
0
ZANIA-92
2016-08-23 22:23:37
Ой, бул кичинекей кыз смартфон утайын дегенго, Жапжаны мектеп салынган Жана ошол мектепте окушат деп эле уккам туугандарымдан.
0
Totyua.71.
2016-08-31 22:03:26
Элдик кабар десе калпты жазбаш керек бул мектепти тартпай эле ашкана тарапты тарткан го ?Откондо
Кыян жургондо тартылган экен.мектептин озун тартпаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан