Ошто "аялын унаасы менен сүзүп, андан соң далысына үч жолу бычак сайган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 19-август күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарындагы Ж.Мамытов көчөсүндө болгон. Анда милиция кызматкерлерине 1988-жылы туулган келин кайрылып, күйөөсү Мирлан унаасы менен сүзүп, андан соң далысына үч жолу бычак сайганын айткан. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган М.Р. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.