Бүгүн, 11-апрелде саат 08:50 чамасында “Манас” аэропортунун кызматкерлери тарабынан Кытайга алтын алып бара жаткан жүргүнчү кармалды. Учуу алдындагы текшерүү маалында кытайлык Женг Линин жанынан 90 граммдык 3 даана алтын куймасы табылган. Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, ал Бишкек-Үрүмчү каттамы менен өз өлкөсүнө сапар алганы жаткан. Алтындын куймалары кара боёк менен жашырылып, ноутбуктун катуу дискине катылгандыгы айтылды. Кармалган жаран учуудан четтетилип, иликтөө иштери башталды.