ЭЛДИК КАБАР: Баткен облусунун Лейлек районунда оңдолуп жаткан жолдо ичимдик ташыган КамАЗ оодарылып кетти

Баткен облусунун Лейлек районунда оңдолуп жаткан жолдо ичимдик ташыган КамАЗ бүгүн саат 12:00 чамасында оодарылып кетти. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Бүгүн саат 12:00 чамасында Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Терек айылында жүк ташуучу КамАЗ жол кырсыгына кабылды. Ага Жалал-Абаддан ичимдик жүктөлгөн экен. 2-3 миллиондой сомго чыгымга учурады. Ичиндеги адамдар оор абалда Исфанага ооруканага жеткирилишти. Ак-Теректе жолду оңдоо иштери жүрүп жаткан. Сел жууп кеткен жолду 15 метр кылып казган, КамАЗ ошол жакка оодарылды", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Usow
2016-08-22 17:41:10
Дагыйам кудай сактаптыр ээлерини
-6
M89
2016-08-22 17:45:25
Usow,Йам дегени эмне? Дагы кудай сактаптыр эле го))
0
Rifle_S
2016-08-22 20:59:02
Диалектика бар. Бири бирибизди жемелеп жатып оңолбой жатабыз.
Ушунча кыйын болсоң эмнеге бир өзбекке,тажикке же дунганга барып Кыргызстандын жараны болсоң кыргызча сүйлө деп айтпайсың ?
+5
Bakyi
2016-08-22 18:00:42
Жакшы болуптур ошол ташыган арактары канча уй-булолорду бузууда канчалаган адамдын омурун алууда
+8
Riokyrgyz
2016-08-22 18:08:02
Ырас болуптур. Дайыма эле антарыла берсе экен. Спирт завод да тубу менее антарылып тескери карап калса экен. Ылайым.
+9
lolo.1
2016-08-22 18:34:02
Кудайга жакпаган иш болсо ушундай болот.ажеп болсун
+3
sher.ella
2016-08-22 18:34:11
А жап болсун
0
aiza.kyrgyzkyz
2016-08-22 18:50:10
Камазда не куноо? Тооба дегилечи!!! Эмне ичимдикти басып алып оозуна куйуп атабы ошол алкаштардын?
+8
Rifle_S
2016-08-22 21:00:01
Еврейлердир саясатына алдангандыгында күнөө. СССР учурунда арак менен жеңебиз деген.
0
leilekstan_1987
2016-08-22 19:29:33
Ошо жердеги жолдо уже 5.6-авария только жук ташуучу камаздар аварияга учурайт. Эшкаралар тобосу кокко жетип калыптырда бирден ботолкону койнуна кысып сарай алана качып!!!
+2
adimyrza
2016-08-22 19:54:13
Камаз айдаганда не куно ал да тирикчилик деп журот да не силердин озунарга куйуп жатабы аракты ал ташыбаса башкасы ташйберет да эмнеси болсодо аман болсун коп эле чыгымга учураптыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан