Акция: "Улуттук китепкана окурмандарды түнкүсүн да кабыл алууга даяр"

Бишкекте “Китепканадагы түн” аттуу акция өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Улуттук китепкананын башчысы Жылдыз Бакашова билдирип, “акциянын максаты - шаарыбыздагы китепканаларда убакыт өткөрүү кызыктуу болорун окурмандарга жеткирүү болуп саналат”,- деди. Иш-чара май айына белгиленүүдө, азырынча ал күн так белгилене элек. Китепкана башчысы билдиргендей, окурмандар мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бош убактарын түнкүсүн китепканадан өткөрүшүп, бири-бири менен кызыктуу темаларда талкууларды жүргүзө алышат. Мындан сырткары акциянын алкагында көңүл ачуучу оюн-зооктор да орун алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан