"Солтон-Сары" алтын кенинин кызматкери жардыргыч зат менен колго түштү

Нарын облусунда ири көлөмдөгү жардыргыч зат сактап жүргөн жергиликтүү тургун кармалды. Укук коргоо кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, андан 9 даана детонатор, 20 даана аммонит жардыргыч заты, 150 грамм аммонит күкүмү жана башка каражаттар алынды. ИИМ билдиргендей, кармалган жаран “Кыргызалтын” ишканасына караштуу “Солтон-Сары” алтын кенинин кызматкери экендиги белгилүү болду. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Эгер кармалган адам кылмышын моюнга алса, сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан