"Бандит мамлекеттен чыгып кетсе, аны парламентте талкуулап отуруу туура эмес". Мындай сөздү бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты. “Мындан башка дагы көп көйгөй бар, кайдагы бир бандиттин маселесин бул жерде карап жатканыбыз туура эмес. Жогорку Кеңеш Батукаевдин маселесин карап жатса, жаштар "биз деле ушундай жолго баралы" деп ойлошу мүмкүн. Бул маселени кароону токтотолу”,- деген сунуш айтты. Жыйын уланууда.