"Кыргызстандын түрмөлөрүндө отурган 5 миң жарандын паспорту жок". Бул маалыматты бүгүн, 11-апрелде “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев тууралуу маселе каралып жаткан ЖКнын жыйынында ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдөгү абактарда 16 миң жаран отурат. “Мамлекеттик каттоо кызматынын буйругу менен жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга паспорт берилип келет”,- деп кошумчалады Рысалиев.