Турсунбек Акун: "Азиз Батукаевдин аз эле өмүрү калыптыр"

Дарыгерлердин бейрасмий түрдө билдирүүсү боюнча "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин саналуу гана күндөрү калды. Бул маалыматты бүгүн, 11-апрелде парламент жыйынында акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. “Оорулуунун кайсы убакта өлөрүн бир гана Кудай билет. Биз 3 жылдан бери мониторинг жүргүзүп келе жатабыз. Комиссия текшерип жаткан маалда дарыгерлер бейрасмий түрдө саналуу гана өмүрү калды деп билдирген. Эгерде Азиз Батукаев гана эмес, башка оорулуулардын да саналуу гана күндөрү калса, аларды түрмөдөн чыгарып коюу керек”,- деди акыйкатчы. Кошумчалай кетсек, ЖКда Батукаевди абактан бошотуп жана өлкөдөн чыгарып жиберүүгө катыштыгы бар адамдар депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан